super.kg logo

"Кумтөр" ишканасы чучукту маскаралаган кызматкерин кызматтан качан бошотконун жарыялады

 

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Жаңы жылды “Кумтөр” кенинде майрамдоо алдындагы окуянын орун алганына өкүнөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, "Кумтөрдүн" кызматкерлерин жана башка кыргыз жарандарын кордогон интернеттеги маалыматтын автору, Улуу Британиянын жараны Майкл Макфит аталган компаниянын кызматкери эмес. "Ал “Кумтөрдө” келишим боюнча тиешелүү иш аткарган катардагы кызмат көрсөтүүчү ишкананын катардагы жумушчусу болгон. Ишкананын жетекчилиги интернетте жарыяланган маалымат боюнча кабардар болору менен кызмат көрсөтүүчү ишкананын жетекчилигине жумушчусунун талапка жооп бербеген иши тууралуу билдирген. 1-январда М.Макфит дароо ээлеген кызматынан бошотулуп, кен аймагынан түшүрүлүп, Бишкек шаарына жеткирилген",- деп жазылат маалыматта.

"Компаниянын президентинин буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Ишкана кызматкерлерине да, келишим боюнча иштегендерге да маданият же улуттук баалуулуктарга шек келтирген мамиле жасоого жол бербейт. "Кумтөр" ишканасы адаттагыдай иштеп жатат",- деп билдирет мекеме.

Эскерте кетсек, 31-декабрда "Кумтөрдө" иштеген чет өлкөлүк жаран Майкл Макфит "Фейсбуктагы" өз баракчасына "кыргыздар аттын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте турушат" деп чучуктун сүрөтүнө комментарий жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.01.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул эле жетишпей турду эле кыргызга..Баягы бир короо эшектер эмне болду?байлап атабы эч кандай кабар жок болуп кеттиго...
05.01.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Британияга барып жесин аттын жын.........
05.01.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда эшек аттууну кырып жок кылыш керек окшойт эми,дагы эле эшек баккандар кобойуп атса?
15.01.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ансыз деле кумторду тепкилешет, айласы жокта анан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: