super.kg logo
  Саясат  

"Казакстандан импорттолгон электр энергиясына 60 миллион доллар төлөйбүз" дейт Темир Сариев

 

"Кара-Кече" көмүр кенинин жанына ЖЭБ куруу боюнча тендер 2016-жылдын март айында өткөрүлөт. Өкмөт башчы Темир Сариевдин билдиришинче, мындан тышкары Жогорку Нарын жана Баткендеги "Бел-Алма" кенине да 80 мегаваттык ЖЭБ куруу боюнча даярдык жүрүп жатат. Республиканын аймактарына пландалган орто жана чакан ГЭСтер ишке кирсе, өлкөдөгү энергетикалык кубаттуулукту 160 миллиард киловатт-саатка жеткирсек болору, бул азыркы мүмкүнчүлүккө караганда 10 эсе жогору экени айтылды.

Премьер-министр калкты электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырды. "Казакстандан импорттолгон электр энергиясы үчүн 60 миллион доллар төлөнөт. Келечекте бардык реконструкция иштери аяктаган соң, Бишкек жылуулук борбору 100 пайыз жергиликтүү көмүргө өтөт. Мындан сырткары республикадагы кичи шаарларды борборлоштурулган системге өткөрүү аракеттери жүрүп жатат",- деди Сариев жарандардын суроосуна радиодо жооп берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: