super.kg logo

Батыш унаа бекетиндеги кампалардын биринин экинчи кабатынан 64 жаштагы жарандын сөөгү чириген абалда табылып, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы жигит кармалды

 

Бишкекте "64 жаштагы жаранды өлтүргөн" деп шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 5-январда билдиришкендей, маркумдун сөөгү Батыш унаа бекетиндеги кампалардын биринин 2-кабатынан чириген абалда табылып, тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал башына болгон катуу соккудан улам каза тапкан.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында каза тапкан жаран Ысык-Көл облусунун 64 жаштагы Т.Темирбек аттуу тургуну экени анык болду. Кылмышка шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон Талас облусунун 21 жаштагы И.Алмаз аттуу тургуну кармалды. Анын айтымында, ал маркумду тоноо максатында башка чаап өлтүрүп алган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.01.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо тообо Олгон адамдын чириген денесин таап артынан сразу кылмышка шектууну да кармашканын
06.01.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо да болуп көрбөгөндөй окуя го.кантип эле сразу эле кармалды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: