super.kg logo

Базар-Коргондо Жаңы жыл майрамынын алдында тинтүүгө алынган үйлөрдүн ээлери нааразылык акциясына чыгышты

 

Бүгүн, 5-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

Декабрь. 2015-жыл

(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)

Маалым болгондой, тургундар Жаңы жыл майрамынын астында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аталган айылдагы үйлөрдө тинтүү иштерин жүргүзгөнүнө нааразы болушууда. "Жарандар "эскертүүсүз, айтпай келишти" дешүүдө. Бирок ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери соттун токтому менен турак жайларды текшерүүгө алышкан. Тургундарга алдын ала санкциялар көрсөтүлгөн. Эгер үйдө аялдар болсо, айым милиция кызматкерлери киришкен. Айрым жашоочулар каршылык көрсөтүшкөн. Текшерүү иштеринин максаты - экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн кармоо жана террордук аракеттердин алдын алуу. Мындан ары да ушундай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлөт",- дешти мекемеден.

Декабрь. 2015-жыл

(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)

Эскерте кетсек, 2015-жылдын соңунда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында тинтүү иштери жүргүзүлүп, диний-экстремисттик багыттагы ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча шектүү адамдар кармалган. Мындан тышкары жалпысынан 130 даана китеп, 1 модем, 44 баракча, 2 сим-карта, 194 диск, 4 флешка, 30 видеокассета, 1 видеокамера жана 1 “Бекас” үлгүсүндөгү ок атуучу курал шаймандары менен табылган. Аталган иш-аракеттердин негизинде соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)

(Фото 2015-жылдын декабрь айында тартылган)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.01.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылышат УКМК.ИИМ азаматсынар [moderated]ды ушинтип жок кылсанар чыныгы кыргыз колдойт силерди
05.01.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура нерсе,мен колдойм, ушинтип текшерип турса,баарыбызга жакшы болот. Кылмыштуулук азаят
05.01.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан нааразылык акцияга чыга алышбайт анткени токтом чыгып жатбайбы законго да баш ийип коюш керек ээй калайык калын журт эртен бир нерсе болуп кетсе мамлекеттин шалаакылыгы дейсинер.Азаматтар текшергиле тинтууго алгыла туну болобу кундузу болобу акынар бар силердин.Арстанбапта кобунчо озбектер жашайт ошолор кыйын болуп жатышбадыбы ошого окшогон малдар нааразычылык акцияга чыкса жоопко тартылышы керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: