super.kg logo

Ош. Билим берүү адистери алдыда боло турган предметтик олимпиада тууралуу талкуу өткөрүштү

 

Бүгүн, 5-январда Ош шаарындагы усулдук бирикме жетекчилери, мектептердин окуу бөлүм башчылары жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда алдыда өтө турган электрондук олимпиада тууралуу талкуу өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери тарабынан предметтик олимпиада жана январь айында өтүүчү декада жөнүндө кеңири талкуу болду. Жолугушуунун негизги максаты 2015-2016-окуу жылындагы предметтик олимпиаданын 2-баскычынын өтүшү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Кошумчалай кетсек, республикалык олимпиаданын экинчи баскычы 11-январда башталып, 15-январга чейин уланат. Ага 9-10-11-класстардын 2000дей окуучусу катышат. Алдынкы 5 орунга ээ болгон 10-11-класстын окуучулары аймактык баскычка чыга алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.01.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы,кучтуу окуучулар утсун,чындык болсун!!!
06.01.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6-класстарга качан болот экен?
Менин балам да эки сабак боюнча биринчи орунга ээ болгон эле
06.01.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылдык мектепте мугалимдердин баары эле жаштар экен. Эн кызыгы кыргыз тилинен сабак берген мугалим химия-биологиядан деле, тарыхчылар физикадан деле, математиктер чет тилинен деле сабак берише берет экен... Булар таптакыр бири-бирине байланышы жок илимдер болсо, анан кантип бул тармактарда окуучуларга билим бершээрин тушунбойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: