super.kg logo
  Саясат  

Орусия ушул жылдан тартып жылына 100дөн ашык кыргыз студенттерин унаа жол, тоннель, көпүрөлөрдү куруу боюнча акысыз окутат

 

Орусия кыргыз студенттерин жол куруу боюнча акысыз окутат. Бул боюнча эл аралык келишим жаңы жыл алдында Орусиянын Хабаровск шаарында түзүлгөнүн 6-январда консулдук кызматтан билдиришти. Ага Кыргыз Республикасынын аймактагы консулу Кадырбек Мырзабаев жана Ыраакы Чыгыш мамлекеттик байланыш жолдору университетинин ректору Юрий Давыдов кол коюшту. Эки тараптуу келишимге ылайык, жыл сайын 100дөн ашык кыргыз студенттери темир жол жана унаа жолдорун, тоннель, көпүрөлөрдү куруу боюнча акысыз билим ала алышат. Окуу жай жатакана менен камсыздап, жакшы окуган улан-кыздарга стипендия төлөп берет.

Абитуриенттерге маалымат берүү жана экзаменге даярдоо максатында окуу жайдын окутуучулары март айларында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына келишет. Кабыл алуу июль-август айларында жогоруда аталган шаарларда өтөт.

Эскерте кетсек, аталган университет былтыр биринчи ирет кыргыз студенттерине эшигин ачып, учурда 30дан ашык кыргыз жаштары акысыз окуп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: