Президентке өлкөдөгү аэропорттордун жаңыланышы боюнча маалымат берилди
Президент Алмазбек Атамбаев менен транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев бүгүн, 6-январда жолугушуп, мамлекет башчыга эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдордун курулушу жана оңдолушу, аэропортторду жаңылоо иштери тууралуу маалымат берилди. Малабаев улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен Кыргыз Республикасы - Кытай темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга көрүлүп жаткан чараларды айтып берди.
Президент стратегиялык мааниге ээ транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу министрге бир катар тапшырмаларды бергенин кабарлашты президенттик аппараттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

