super.kg logo

Түндүк Корея суутек жарылуучу затын сыноо ийгиликтүү өткөнүн жарыялады

 

Түндүк Корея суутек жарылуучу затын сыноону ийгиликтүү өткөргөндүгү аталган өлкөнүн борбордук телеканалы аркылуу жарыяланды.

"Бүгүн суутек жарылуучу затын сыноо ийгиликтүү өттү",- деди Түндүк Корея телевидениесинин диктору. Анын айтымында, бул куралга ээ болуу Корея үчүн тарыхый окуя болду.

Бул өлкө 2005-жылы өзүн өзөктүк куралга ээ болгон мамлекет экенин жарыялагандан бери 4 жолу өзөктүк куралын сынады. 2006, 2009 жана 2013-жылдары да сынагандыктан, БУУнун Коопсуздук кеңеши аталган өлкөгө каршы санкцияларды киргизген.

Түштүк кореялык ММКлар билдиришкендей, буга чейин күчү 5,1 баллга барабар болгон жер титирөө дал ушул жардыруудан улам болушу мүмкүн экендигин кабарлашат. Себеби жер титирөөнүн очогу Түндүк Кореянын Пхунгери өзөктүк полигонунун аймагында жайгашып, "жасалма белгилерге" ээ болгон.

Эске сала кетсек, бир ай мурун Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын өлкө суутек жарылуучу затына ээ болуп, улуттун эгемендүүлүгүн жана ар-намысын коргой алчу улуу мамлекет болгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.01.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын солдаттары да атомный бомбадан күчтүү.
06.01.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тундук Кореяда торолуп калбаганыбызга шугур.
06.01.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демократия менен монархиянын жакшы жаман жактарын Түндүк, Түштүк Кореяга салыштырып таразалап көрсөн болот
06.01.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кучтуу мамлекет Корея,согуш болбосун эгер 3-дуйнолук согуш болуп кетсе жердин астынан бери кул болуп жатып калат андан кийинки жашоо жок болушу да мумкун экен снарядтардын коптугунон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: