super.kg logo

Сабалып ооруканага түшкөн эки баланын апасы өгөй кайненесинин үстүнөн арыз жазды

 

Борбордогу №3-шаардык балдар ооруканасына сабалып алынып келген 3 жаштагы жана 6 жаштагы бир туугандардын энеси өгөй кайненесинин үстүнөн арыз жазды. Окуя шаарда болбогондугуна байланыштуу бардык чогултулган материалдар бүгүн Жумгал РИИБине өткөрүлүп берилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, балдар акыркы бир нече айдан бери Жумгалда чоң атасы менен өгөй чоң энесинин колунда жашап келишкен. Ал эми кечээ Аламүдүн районуна караштуу Үмүт деген айылдан №3-шаардык балдар ооруканасына балдарды өзүнүн энеси алып келген.

Маалыматка ылайык, балдар буга чейин да сабалган. Учурда балдардын атасы жана энеси суракка алынып, балдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп, алар энеси менен үйүнө чыгарылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.01.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Батыраак айыгып кетсин эгер чындап огой энеси кылса кечирбей тууганчылык дебей өз жазасын толук алыш керек.
06.01.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмактар алы жеткени ошол жаш балдар болдубу, кантип оорууканага тушчуудой кылып урганга журогу чыдады экен, эне деген наамга татыктуу эмес айбан турбайбы. АЛЛАХ жазасын берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: