super.kg logo
  Саясат  

Түндүк Кореянын суутек жардыруучу затын жардырганы бир катар ири өлкөлөрдү нааразы кылды

 

Бүгүн эртең менен Түндүк Корея суутектүү жардыруучу затын сыноодон өткөргөнүн жарыялагандыгы айрым өлкөлөрдүн башчыларынын негативдүү пикирлерин жаратты. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттер Түндүк Корея суутектүү жардыруучу затына ээ экендигине шек санап жатышканын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ: "Түндүк Кореянын суутектүү жардыруучу затын жардырганы туура эмес. Япония АКШ, Кытай, Орусия өлкөсү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен бул тууралуу бирге кызматташат",- деп билдирди. Ошондой эле ал Түндүк Кореядан Японияга жана дагы башка өлкөлөргө кооптуу болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул БУУнун Коопсуздук кеңешине олуттуу чакырык.

Түштүк Кореянын лидери Пак Кын Хе Улуттук коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынын өткөрүп, аскерлерин согушка даярдыгын жогорулатуу чечимин чыгаргандыгын аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги жарыялады. "АКШ жана дагы башка аймактык өнөктөштөрүбүз менен Түндүк Кореяга тиешелүү жазасын берүүгө, Пхеньянга санкциялардын күчөтүлүшүнө бардык аракеттерди көрөбүз",- деди Улуттук коопсуздук департаментинин башчысынын орун басары.

Ал эми АКШ Түндүк Кореянын билдирүүсүнүн чындыгын аныктай албай, бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузган мүмкүндүгүн сынга алды. Австралиянын тышкы иштер министри Түндүк Кореяга санкцияларды күчөтүүгө чакырса, Париж дагы бул жардырууну "БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу" деп атады.

Бул пикирлерге карабастан, Түндүк Кореянын башчысы өлкөсүн "жоопкерчиликтүү өзөктүк мамлекет" деп белгилөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: