Дүйнөнүн эң узун 11 айымы (фото)

1. Цзен Цзиньлянь (1964-1982) 17 жашында каза болуп калган. Анын бою 249 сантиметрди түзгөн, бирок омурткасынын өтө кыйшык болгондугуна байланыштуу түз тура алчу эмес.

2. Яо Дефен (Кытай) 1972-жылы төрөлгөн, бою - 233 сантиметр. Гипофиза шишигине байланыштуу бою өтө бат өсүп кеткен. 11 жашында 188 сантиметр болгон. Учурда ал өзүн багыш үчүн циркте иштейт.

3. Сэнди Аллен (АКШ), бою - 232 сантиметр. Ал дагы гипофиза шишигинен жабыркап, бою тез өсүп кеткен. Сэнди 2008-жылы 53 жашында каза болгон. Өмүрүнүн акыркы күндөрү ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн араба менен жүрүп калган.

4. Зейнаб Бибинин бою (Пакистан) - 218 сантиметр, ал эми салмагы - 82 килограмм. Ал 1974-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөдө 5-кыз болуп төрөлгөн. Кийин үй-бүлөсү менен Улуу Британияга көчүп кеткен.

5. Малгожата Дудектин (Польша) бою 213-221 сантиметр, салмагы 100 килограмм болгон. Баскетбол спортунун тарыхындагы эң узун бойлуу аял катары саналат. Ал 2011-жылы 37 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

6. Мали Дуангди (Таиланд), бою - 208 сантиметр, салмагы - 130 килограмм.

7. Кэролайн Велц (Германия), бою - 206 сантиметр. Бул айымдын бутунун өлчөмү 46ны түзөт.

8. Элисани Силванын (Бразилия) бою 206 сантиметрди түзөт. Ал дүйнөдөгү эң узун өспүрүм кыз.

9. Eve (США), бою - 205 сантиметр. Ал дүйнөдөгү эң узун модель кыз.

10. Рита Минива Беса (АКШ), бою - 203 сантиметр. Бул кара тору кыз Замбияда төрөлгөн, учурда үй-бүлөсү менен Америкада жашайт.

11. Гамова Екатерина Александровна (Орусия), бою - 202 сантиметр. Челябинскте жарык дүйнөгө келген. Ал Орусиянын волейбол боюнча чемпиону.
8
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















