super.kg logo

Германияда Жаңы жылга караган түнү зордуктоо аракеттерине кабылган аялдар качкындарды күнөөлөп жатышат

 

31-декабрдан 1-январга караган түнү Германиянын Кёльн шаарында сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактылары катталып, жабырлануучу аялдар качкындарды күнөөлөп жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, шаар башкармалыгы күч түзүмдөрүнө кылмышкерлерди кармоо боюнча тапшырма берди. "Жүзгө жакын аял полицияга кайрылып, Жаңы жыл түнү мигранттар тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын айтышкан. Ошол түнү шаардын борборунда миңге чукул эркек чогулуп, топторго бөлүнүп, аялдарды курчап, аларды тоноп, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашкан. Полициянын маалыматы боюнча, бир зордуктоо фактысы катталган. Күнөөлүү деп кармалган айрым адамдар качкындар экени аныкталган",- деп жазышат басылмалар.

Германиянын юстиция министри бул кылмыштар боюнча тергөө иштеринин жыйынтыгын чыгарып, фактыларды аныктоо керектигин айтты. Мындан тышкары ал мигранттарды негизсиз айыптоодон алыс болууга чакырды.

Эскерте кетсек, былтыр согуш болуп жаткан Түндүк Африкадан жана араб мамлекеттеринен миңдеген качкындар Европага качышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.01.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардыгын кылган озунор ,тынч жаткан элди дурботуп
07.01.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койгулачы эми качкындар жатарга жай таппай жургондо турмону каалабайт. Бул шылтоо .
07.01.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огуу жакшыго
08.01.2016. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Европанын озуно чала. Ушул бардакты кылган оздору тынч жаткан элдерди дурболонго салып. Эки жуздуу саясаты менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: