Кытайда телефондон көзүн албай бара жаткан айым сууга түшүп кетип каза болду

Кытайда уюлдук телефонунан көзүн албай бара жаткан айым каналга кулап кетип каза тапты. Анын сууга түшүп кеткени ошол аймакка орнотулган видеокамераларга жазылып калган. Окуя Вэньчжоу шаарына жакын айылдардын биринде болгонун 6-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгон 28 жаштагы кытайлык айымдын өлүмү тууралуу анын жолдошу полиция кызматкерлеринен уккан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарга суу каналдарынын жээгинде жүргөн учурда этият болуп, гаджеттерден оолак болууну эскертишти.
Кытайда телефондон көзүн албай бара жаткан айым сууга түшүп кетип каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-3

олколордун бири.Берилип кеткен го.
Адистер карап жатышат.