super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев Көк-Ой айылындагы күнөcкананын иши менен таанышты

 

Кечээ, 6-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусунун Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Көк-Ой айылындагы күнөcкананын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр аймактардагы күнөсканалардын курулушун кубаттап, мындай демилгени аймактарда жайылтуу зарылдыгын билдирди. «Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтуу керек. Бул жаатта күнөсканаларды куруу, тамчылатып сугарууну жайылтуу максатка ылайык. Бул боюнча аң-сезимди өзгөртүп, изденүү менен аракет кылып, жашоо-турмушубузду жакшырта алабыз»,- деди Темир Сариев. Премьер-министр бул жаатта өкмөт жарандардын демилгелерин колдой турганына токтолуп, бул үчүн жарандардын демилгелерин колдоо үчүн жеңилдетилген шарттагы насыяларды берүүнүн жолдорун карап чыгууну тиешелүү органдарга тапшырды.

Көк-Ой айылындагы күнөскананын жалпы аянты 69 чарчы метрди түзөт, мында бадыраң өстүрүлөт. Күнөскана БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан каржыланып, 2015-жылы курулган.

Мындан соң Темир Сариев Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы жеке балык чарбасынын ишмердиги менен таанышты. Премьер-министр мындай чарбаларды көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул сыяктуу демилгелерди колдоого алууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: