Ошто "сабап уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды
Ошто "ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу аймактык милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы жигит кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар аны ур-токмокко алуу менен уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.