super.kg logo

Токмокто дайынсыз жоголуп кетип, кийин жер төлөдөн табылган 5 жаштагы кыздын ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартты

 

Токмок шаарында кечээ жоголуп кетип, бир канча убакыттан кийин жер төлөдөн табылган кыздын ата-энеси бул факт боюнча арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Асылбек Токтомушев билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси алгачкы медициналык кароодон таза чыккандан кийин милицияга арыз жазбагандыгын билдиришкен.

"Кыздын ата-энеси арыз жазбагандыктан, бул факт боюнча кылмыш иши козголбойт, кылмышка шектүү изделбейт",- деди А.Токтомушев.

Айта кетсек, кечээ саат 17:00 чамасында 5 жаштагы кыз эшикке чыккан бойдон дайынсыз болуп, 2 саат убакыт аралыгынан кийин жер төлөдөн табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кичинекей кызды жер төлөгө белгисиз жигит ээрчитип барган. Буга чейин тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу, бирок ата-энеси арыз жазуудан баш тарткандан кийин бул окуя иликтенбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.01.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесине акча берип койгонго жигиттин туугандары.кызынын келечеги керек эмес корунот аларга.эчтеке кылган жок деп кийин жаман кылбаса болду.
07.01.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал ата-энелер да мүмкүн акылына келип кеткен жигитти кечирип ийген чыгар. Кантип таба электе акча берип койгондур деп жаман ойлойбуз!Эмнеси болсо да жаман окуясы болбоптур.
08.01.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунусунда жазбаса кийинкисинде жазат да. Кем акыл болбой башкаларды да ойлоп, кылмышкерди табыш керек. Балким буга чейинки кылмыштарда катыштыгы болсо ачылмак да.
08.01.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер толого шоколад алып бергени алып кирдиби,эмнеге баланын жашы корсотулгон эмес бул жерде бир сыр бар,бир атка минердин баласы,же озунун туугандары жоголуп кетти деп милицияга берип алып кийин элге уят болгусу келген эмес сыягы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: