super.kg logo
  Саясат  

Барак Обама: "Менде эч качан тапанча болгон эмес"

 

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама америкалык телеканалга маек берип жатып анда эч качан жеке курал болбогонун айтты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, маекте өлкөнүн аймагында курал-жарактарды сатуу жана колдонуу маселеси талкууланып жаткан. "Куралдардын ээлеринин жана курал сатуучуларынын кызыкчылыктарын коргогон Улуттук курал ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуп сүйлөшүүгө кубанычта болмокмун. Биз "Обама жарандардын куралдарын алып салгысы келип жатат" деген жалган сөздөр тууралуу эмес, фактылар жөнүндө сүйлөшмөкпүз. Курал-жарактарды мыйзамдуу саткан соодагерлерге жана сатып алуучуларга ыңгайсыздык жаратпаган, пайдалуу систем түзүшүбүз керек. Мындай системди АКШнын Конгрессинин чечими менен кабыл алсак жакшы болмок",- деген пикири менен бөлүштү Обама.

Чет өлкөлүк басылмалардын билдиришинче, Б.Обама буга чейин куралдарды сатууну көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган чараларды кабыл алганын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: