super.kg logo

Түркмөнстанда элдик табыптарга калкты дарылоого тыюу салынды

 

Түркмөнстандын Көөнө-Үргөнч шаарында элдик табыптарга калкты дарылоого тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат кызматтары жазып чыгышты. Маалым болгондой, укук коргоо органдары аталган шаарда элдик ыкма менен жергиликтүү тургундарды дарылап жүргөн 30 табыпты чогултуп, өкмөттүн буйругу менен алар мындан ары бул жаатта иш жүргүзө алышпасын билдиришкен. Органдардын билдиришинче, дарылоо менен алектенүү үчүн табыптар Саламаттыкты сактоо министрлигинен атайын лицензия алышы керек.

Түркмөнстандын массалык маалымат каражаттары билдиргендей, аталган аймакта жашаган эл жергиликтүү дарыгерлердин ишине канааттанышпайт. Мындан улам акчасы бар тургундар дарылануу үчүн Түркия жана Иранга барышат. Ал эми каражаты жоктор табыптарга кайрылып келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.01.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм Түшүнүктү Түркмөндөрдө бийлик болсо элин ойлобойт экенда
08.01.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бизде да табыптарга бир аз тушундуруу иштерин жургузуа койсо жакшы болмок. Сызтоок (фурункул) тогуз жерге чыкмайынча айыкбайт деген соз туура эмес экенинен баштаса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: