Аксыда 8 гектар жерге күнөскана курулууда
Аксы районунда 8 гектар жерге күнөскана курулууда. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, күнөскана ишке киришсе, 130 киши иш менен камсыздалат. Аталган министрликтин жетекчиси Турдуназир Бекбоев Аксы районундагы иш сапарында аталган күнөскана, Кош-Дөбө каналынын абалы менен да таанышкан. "Буга чейин Кош-Дөбө каналына суу келбей жатат деген маалыматтар тараган. Министр каналдын иши менен таанышып чыккандан кийин мындай маалыматтар жалган экендиги аныкталды",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кош-Дөбө каналы 2014-жылдын жаз мезгилинде ачылган. Жергиликтүү тургундар канал ачылгандан көп өтпөй суу келбей калганын, каналдын айрым жерлери бузулуп кеткенин айтышкан. Маселе парламентте да көтөрүлүп, каналга суунун берилбей жатышын текшерүү сунушталган эле.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Падыша ата суу каналы 2000 жылдары башталган эле, акчасы бир жактарга аш болуп кеткен окшойт ю Дымдарек болуп токтоп турат дагы эле.