Социалдык тармактардын колдонуучулары "орусиялык каналдарга өзгөчө макам берүү - чоң ката" дешүүдө




Орусиянын телеканалдарына кыргыз өлкөсүндө өзгөчө статус берүү демилгеленип, 5-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун талкуусуна койгон.
Бул маселе коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Социалдык тармактарда интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү демилгеге каршы чыгышып, өз ойлорун билдирип жатышат. Айрымдары: "Бүгүнкү күндө ММКлар элге өз убагында маалымат берип, акыркы жаңылыктар менен камсыз кылганы менен, алардын жардамы аркылуу калктын пикирин жана ой жүгүртүүсүн калыптандырууга боло турганы баарына белгилүү. Орусиялык телеканалдарга өзгөчө макам берүү - чоң ката. Башка өлкөлөр Орусиянын телеканалдарынан арылып жатканда, биздин туура эмес жолго кайтканыбыз - маңкуртчулук",- деп жазышууда.
Эскерте кетсек, Казакстан бул орусиялык телеканалдарга ушул жылдын 1-январынан тартып чектөө киргизген.

Эки жүздүү окшойсуң. Мына мага жазган жообуң.
Эки жүздүүлүк
Баарыңар агрессия менен , соткаңарды же клавишаларды талкалап салбагыла, акырын баскылагылп.
Эгер ушунчалык дуйно жанылыктарын коргунуз келсе Россияга барып алып коро берин эч ким жок дебейт.
Бир озунуздун кызыкчылгыныз учун буткул элинизге каршы пикирди колдобой!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Rifle_2 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
Россиянын каналдары менен Кыргызстандын каналдарын салыштырбай эле койюн. Россиянын экономикасы өнүкөндөн кийин, албетте телевидения жактан да өнүгөт. Жакшы канал деп анда Америка бүт баарын алып келели. Ансызда эне тилибиздин эртени табышмак болуп турганда бизге орус каналдарынын такыр кереги жок. Алардын максаты бизге өздөрүнүн када-салт, маданиятын синдирүү экени ачык эле көрүнүп турбайбы. Кыргызстандын каналдары мурдагыга караганда өнүгүп калды