Тогуз-Торо районунда 5 адам консерваланган азыктан ууланып, бири каза болду

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 5 адам консерваланган азыктан ууланды. Алардын бири ооруканага алынып келе жатып жолдон каза болуп калды. Учурда экөөнүн абалы оор болуп, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экенин 8-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын директору Гүлжигит Аалиев билдирди.
Ошондой эле бул ооруканага 7-январда Кочкор районунан 10 адам консерваланган азыктан ууланып түшкөн. Азыркы учурда алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Алардын бири кош бойлуу келин. Калгандары жалпы бөлүмдө дарыланып жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

консерваланган тамакты (салат) Бишкек шаарындагы базарлардын биринен сатып алган экен . Жана 5 адамдын ичинен экоо каза болгон ..айтарым Бишкек шаарындагы кочодо сатылган тамактарды козомолго алыш керек,болбосо мындай окуялар кайталана берет.
http://www.super.kg/article/show/34691