super.kg logo

Жалал-Абад. Эл тамактануучу жайда баңгизатты жана куралдарды сактаган адам кармалып, анын шериктери изделүүдө

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айыл аймагында ири көлөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 44 жаштагы Б.М. аттуу тургунга таандык ашкананын кампасынан 4 даана капка салынган, жалпы салмагы 48 килограмм болгон марихуана жана эч кандай документтери жок 2 даана ок атуучу курал мыйзамсыз сакталып турган жеринен алынган.

"Аталган факт боюнча Кара-Көл шаардык милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан "ири көлөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз сатуу, сактоо, алып жүрүү жана жүгүртүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда кылмышка шектүү жарандын шериктерин аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө",- дешти милициядан.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 12-декабрында Сузак районунда ашкабактардын ичинен 1 килограмм 805 грамм героин табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.01.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ок атуучу куралы кандай экен ?
Калаш 74 болсо, армияга берип салса жакшыраак болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: