super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте жеңил унаа менен жүргүнчү ташыган маршруттук такси кагышты

 

Бүгүн, 8-январда Бишкекте жеңил унаа менен жүргүнчү ташыган маршруттук такси кагышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, кырсык саат 12:40 чамасында Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаа менен эл ташыган маршруттук такси кагышты. Кырсык кандай болгонун көргөн жокмун, бирок ошол жердеги күбөлөр "жеңил унаа күнөөлүү" деп жатышты. Эч ким катуу деле жабыркаган жок. "Тез жардам" кызматы келип, бир нече адамдын абалын текшерди”,- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.01.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лексусту каалагандай айдайм деп кагылды го калын элдин алдында
08.01.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай машина айдаган адам маршруткачыны запросто айыпка салып коет да
08.01.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aku,Кудай буйруса күбөлөр жардам берет. Жүргүнчүлөрдөн 5-6 жазып берсе, жетиштүү болот го.
08.01.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jx жалка еле болуптурго бечара
09.01.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маршрутка деле куноолу болот.Себеби коп байкаймын телефондо суйлошушуп баланча мына жерде кетип атат сен тез айда деп суйлошкондорун коп кором.Кичине пробка болсо башка кочого салып айдагандарда бар мага окшогондорду какшатып туруп пробка коруп атасынго деп буруп кетет.Туура жолунда журбой.204 маршрут айдаган Туркбу Куртбу айтор семиз кара киши раса жинге тийген адамдарды нааразы кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: