Кызыл-Кыяда өз ара пикир келишпестиктен улам ок атышуу болуп, бир адам жабыркады
Кызыл-Кыяда өз ара пикир келишпестиктен улам ок атышуу болуп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган шаардын тургуну билдирди.
Белгилүү болгондой, окуя кечки саат 5тер чамасында болгон. Анда 5-6 адам сүйлөшүп турганда өз ара пикир келишпестик чыгып, ок атылган. Натыйжада Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо-кен колледжинде дене тарбия мугалими болуп иштеген Кабыл аттуу жаран октон жаракат алган. Ал азыркы тапта аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалыматты тастыктап, ок чыгарган жаранды издөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Биздин жердешго:((((