super.kg logo

Ботулизмге кабылган жарандардын абалы оор бойдон, 19 жаштагы бала жалпы бөлүмдөн жандандыруу бөлүмүнө которулду

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 9-январда Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ботулизмге кабылган 14 бейтап дарыланып жатат. Алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө, экөөнүн абалы өтө оор бойдон калууда. 47 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулса, 19 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнө которулду. Калган бейтаптардын абалы туруктуу оор деп саналууда.

Өткөн сутка ичинде аталган ооруканага 305 адам кайрылган. Алардын 106сы ооруканага жаткырылды. 9-январь, саат 10:00гө карата маалымат боюнча, ооруканада жалпы 448 бейтап бар. Анын 380и жаш балдар.

"Орун жоктугуна байланыштуу адамдарды коридорго жаткырууга аргасызбыз. Бул баласын карап жаткан энелердин нааразылыгын жаратууда. Адамдардын көбөйүп кетиши инфекциянын тарап кетүү коркунучун пайда кылат. Бейтаптардын саны көп болгондуктан, дарыгерлер күн сайын жана дем алыш күндөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат",- деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.






Азыктан ууланган бейтаптардын абалы оор

Автор: Мальвина Уметбекова
Оператор: Мундузбек Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
Медиа-портал
09.01.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козу карынды жебей эле койгулачы,анын сырын биз жакшы биле бербейбиз!Анын сырын орус туугандар жакшы билишет!Сак бололу!
SUPER.KG видео
09.01.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сүйлөгөн кыз жаңы окшойт.. Үнү эле укмуш го . бир аз жумшагыраак сүйлөсө болмок экен. Айзат Болотбек кызы эле жагымдуу сүйлөйт
10.01.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ботулизм кандай оору? Биринчи угуп жатам,айтып койгулачы.
10.01.2016. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Akmosha, Менам биринчи жолу угушум.
10.01.2016. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Belek2070,менин да биринчи угушум десен боло байболгур
10.01.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko,Ой ичим эзилип калды куло берип.
10.01.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akmosha, ботулизм бул туура эмес консерваланган салат, мариннаддалган жемиштерден ууланган ооруу.
10.01.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3

БОТУЛИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Ботулизм – ботулизм таякчасы бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып катуу кармаган оору. Өз убагында медициналык жардамга кайрылбаса, оорулууну шал болууга жана өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу илдет. Ботулизм таякчасы топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп, алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет. Ал жерде көбөйөт да, заӊ менен кайра чыгат.
Киши ботулизм таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эт, туздалган балык, үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган консерваланган жашылчалардан ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет. Андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системин жабыркатат. Ботулизм таякчасы сырткы чөйрөнүн шартына туруктуу келет. Кайнатууда өлбөйт, кычкылтексиз чөйрөдө гана өсүп, көбөйөт жана уу бөлүп чыгарат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 10 күнгө чейин.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Ботулизмдин белгилери 5-10 мүнөттөн же бир нече сааттан кийин билинет. Оорулуу алсызданып, башы ооруйт. Башынын оорусу катуулап, баса албай калышы да мүмкүн. Дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, көӊүлү айныйт.
Оозу жана эрини кургайт, суусайт.
Ичи өтөт же катат, уйкусу качат.
Көрүүсү начарлайт, тумандайт, каректер чоӊоёт. Нерселер көзгө кош көрүнөт.
Үнү өзгөрүп каргылданат. Тили булдуруктап, айрымдар сүйлөй албай да калуусу мүмкүн. Дем алуусу жана жутунуусу кыйындайт
УУЛАНУУ УЧУРУНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Оорунун алгачкы белгилеринде оорулуу өзүн жакшы сезип турса да сөзсүз «Тез жардам» чакыруу керек. Ал келгичекти оорулууну төшөккө жаткырыӊыз. Анткени туруп басып жүргөн кишинин оорусу бат күчөйт.
Марганцовканын мала аралашмасын оорулууга ичирүү менен ашказанды жууп-тазалоо керек. Улам ичип кайра кусуудан ашказан тазаланат. Кускан сайын 3-4 стакан суу ичирүү кажет. Тазалангандан кийин актив көмүрүн майдалап ичүү зарыл. Анын ордуна айран ичсе да болот. Эгер оорулуу эстен танса, өзүнө келмейинче кустурууга болбойт. Көмкөрөсүнөн же капталынан жаткырып, башын ылдый кылуу керек.
Бул оору бир нече сааттан кийин гана күчүнө киргендиктен байкабай спирт ичимдиктерин ичип алгандар кездешет. Спирт ичимдиктери уулуу заттарды эки эсеге күчтөндүрөрүн эске алыӊыз.
Ашказанга түшкөн уулуу заттар башка ооруну да күчөтүп, мээге терс таасирин тийгизет. Анын алдын алуу үчүн оорулуунун башына муздак нерсе басыӊыз.
Бат-баттан дене табын текшерип туруӊуз. Уулануу учурунда көбүнчө температура ылдый түшүп кетет. Бул учурда оорулууну ороп жылуу кармоо керек.
Ууланганда оорулуунун табити жоголот. Жакшысы, 1 күн жалаӊ гана суу ичип ачка болгон пайдалуу. Кийин гана тоок, уй этинен кайнатма шорпо ичсе болот.
КОЖОЙКЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

Консервациялоо үчүн жаӊы үзүлгөн, чириги жок жашылчаларды тандаӊыз. Банкаларды 15-20 мүнөттөн кем эмес убакыт буулоо шарт.
Микроорганизмдер кычкылтек жок жерде бат өөрчүүрүн эске алып, банканы оозуна чейин толтурбай, капкакка чейин 3-4 сантиметр боштук калтыруу туура.
Ботулизм таякчалары кычкылды көп жактырбайт. Андыктан салаттарыӊызга уксус кошууну унутпаӊыз. Бирок ал микробду өлтүрөт деп толук ишенүүгө болбойт.
Салаттарды 100 градус температурада 25-30 мүнөт кайнатуу, буулоо туура
Консерваларды сактоодо температура +6 градустан ашпоосу шарт.
Банкаларды ачканда сөзсүз жыттап көрүӊүз. Бир эле банкадан жегендердин бири ооруса, бири оорубай калышы да мүмкүн. Себеби уу банканын бир эле бөлүгүндө жайгашышы да ыктымал.
Эгер салаттын түсү өзгөрүп, капкагы көөп чыкса, аны колдонбой эле койгонуӊуз оӊ.
aikol87 түзөттү 2016-01-10 10:25:40
10.01.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87,Рахмаат,Эми билдим.Эч уккан эмес экенмин чынында.Этияттап жешибиз керек экен,консерваланган азыктарды.Кудайым озу сактасыыыын.
11.01.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойтобооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: