Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан ок атышуу орун алып, өзбек чек арачыларынын огунан бир кыргыз жараны жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен такталбаган бөлүгүндө кайрадан чыр чыгып, ок атышуу орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, окуя 9-январда болгон. Маалым болгондой, төрт кыргыз жараны чек араны бойлой жайгашкан суу түтүктөрдү бузууга аракет кылышкан. Ал түтүктөрдөн аккан сууну Өзбекстан тарап да пайдаланган. Өзбек чек арачылары бузуу аракетин токтотууну буйрушуп, ок чыгарышкан. Натыйжада кыргыз жарандарынын биринин бутуна ок тийген.
Жаракат алган жаран Өзбекстандын Наманган облусунун шаардык ооруканасына жаткырылган. Учурда анын абалы туруктуу. Ал эми калган үч жаран кыргыз чек арачылары тарабынан кармалышты.
Бул окуядан кийин Жалал-Абад облусу боюнча Чек ара кызматынын жана Янги-Курган багытындагы Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, чатакты биргелешип иликтөө чечимине келишти. Ал эми жаракат алган жаранды кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.


Коштөбөдөгү жер сатылганы жаман болду. Жолду айланып өтүп жатабыз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Тарыхта өз жерин бастырбаган Курманжан Датка
Азыр болсо акча бер мен сага керегинди кылам дегендерди ойлоп отсам Кыргызстан мындый темп менен кетсе 20 жылга жетпей бөлүнүп, орто азиядан бүтүндөй жок болуу коркунучунда турабыз жаштар, аракет жана келечекке карай пландуу жана пайдалуу иштер менен алектенсек дейм.
Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөргө болгон мамиле кескин өзгөргөнүн жана аскердик түзүмдөрдү, укук коргоо органдарын бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Акыркы жылдары аскер кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын, кызматкерлерди социалдык колдоо жанданганын айтты. Өлкөнүн коопсуздугу, терроризм менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалаган өлкө башчы Дүйшөнбиев менен Чоткараевди бийик даражадагы аскердик чинге татыктуу болууга чакырды.