ӨКМ: “Чуңкурга түшүп кеткен жаран сүйлөбөй калды”
15-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда саат 10:00 чамасында Арсланбап тоосунда “ТУРУМ-1” ишканасынан нөөмөт алмаштырып келе жаткан Ош шаарынын тургуну, 1980-жылы туулган Сардал Мирсаитов суу жеген чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Айтылгандай, Арсланбап айыл тургундарынан 10 адам окуя болгон жерге барып, Мирсаитовго жардам көрсөтүшкөн, абалы жакшы, бирок сүйлөбөй калганы билдирилди. Саат 17:00 чамасында жабырлануучуну “ТУРУМ-1” ишканасы “ГОЛДЕН–РУ” жеке менчик компаниясынын Эрлайн тик учагын жалдап, Бишкек шаарынын ооруканасына алып келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-2

suu jegen 4unkur degen kandai bolot? toodobu al?