super.kg logo

Эки бир тууган балдарды чоң энеси сабабаганын айтууда

 

"Өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делген балдардын иши боюнча чогултулган материалдар Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жете элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

Балдардын ата-энеси өгөй чоң энесинин үстүнөн өткөн жумада арыз жазган болчу. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, чогултулган тиешелүү материалдар ошол күнү экспресс почта аркылуу Нарынга жөнөтүлгөн.

"Чогултулган материалдар азыркы тапта келе элек. Ал келери менен тергөөчү иликтөө иштерин жүргүзө баштайт. Балдардын өгөй чоң энеси менен чоң атасы балдарды сабабаганын айтышууда. Окуянын кандай болгону иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болот",- дейт М.Султаналиева.

Эскерте кетсек, 5-январдан 6-январга караган түнү “Тез жардам” кызматы аркылуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунан "өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делип 3 жаштагы бала жана анын 6 жаштагы эжеси Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасына алынып келинген. Аталган оорукананын дарыгерлери балдардын денесинин ысык сууга күйгөнүн жана алар буга чейин да сабалгандыгынын белгилерин көрүшкөн. Оорукана башчысы балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, үйүнө чыгарып жиберген. Бирок 3 жаштагы баланын абалы кайрадан оор болуп, 7-январда ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.01.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
катты эшек араба менен жонотсо керек да)))
11.01.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ий ай ушунун баарын коруп туруп, кантип уйуно чыгарып жиберишет.Мындайга жол берген дарыгерлерди да жоопко тартыш керек. Байкуш балдар тезинен айыгып кетсин! Алла озу жазасын берсин куноолуулорго!
11.01.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заманан курсун, балдары балдарына болушуп ата-энесин жоопко тарттырган
11.01.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорудагы суроттордон баланын ыссык нерсеге кочугу менен отургузганы, буттарын да ысыкка куйгузулгондугу корунуп турат. Эмнеси болсо да наристелер айыгып кетсин. Ким болбосун, баарыбир наристелерди ушундай абалга алып келген адам жазаланууга тийиш.
11.01.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазалансын чон энеси
11.01.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балада эмне куноо.же багалбайм дер Ата энесине тапшырбайбы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: