super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Урмат Аманбаева ооруканада. Эртең анын соту өтүшү керек

 

Эртең, 12-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын соту өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирди.

"Учурда Урмат Аманбаева 4-ооруканада дарыланууда. Ага операция жасалган. Шаардык сотто Октябрь райондук сотунун чечими боюнча Аманбаеванын апелляциясы каралмакчы. Эгер Аманбаева ден соолугуна байланыштуу сотко келе албаса, судья жыйынды башка күнгө жылдырууга мажбур болот",- деди адвокат.

Эскерте кетсек, экс-депутат Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. 13-ноябрда Октябрь райондук соту Урмат Аманбаеваны 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган. Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептеп жана тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: