super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады

 
Бүгүн, 16-мартта президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй:"Урматтуу мекендештер! Кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында чындык, калыстык, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн карапайым мекендештерибиз өз жанын аяган эмес. Ата-бабалардын эрдигин кайталап, бийликтин адилетсиздигине биринчи болуп аксылыктар туруштук берген. Бүгүн каргашалуу ал окуялардан 11 жыл өткөн соң, ошондо Аксы эли эрдик көрсөтпөсө, Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын эле. Ошол учурдагы бийлик өз элине каршы курал колдонуп, Кыргызстандын тагдырына балта чапканга аракет кылган. Алты жараныбыз жаракаттан курман болуп, бир мекендешибиз саясий ачкачылык жарыялап көз жумган. Урматтуу мекендештер! Аксы окуяларында жана 2010-жылдын апрелинде кырчындай өмүрүн кыйып, келечек, Кыргызстандын эркиндиги, адилеттик үчүн шейит кеткендерди унутууга акыбыз жок. Эл өз баатырларын эч качан унутпайт! Биз Аксы жана Апрель баатырлары эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз! Кайсы бир бузуку күчтөргө, саясатчыга алданып, элибиздеги, жерибиздеги тынчтыкты, ынтымакты жоготуп албайлы. Кудайдын колдоосу менен, биргелешип өлкөбүздү өнүгүү жолуна салалы! Кыргызстандын жаркын келечегин курууга бирге аракет кылалы!”





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: