Бишкек - Ош унаа жолунда 5 адам жол кырсыгынан каза болду



Бишкек - Ош унаа жолунда катталган кырсыктан улам 5 адам каза таап, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Республикалык жол-кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы 10-январда саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 169-чакырымында болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц V220 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Натыйжада Мерседес-Бенц V220 үлгүсүндөгү унаанын 50 жаштагы айдоочусу, 15 жана 63 жаштагы жүргүнчүлөр каза болушкан. Ал эми аталган унаада каза болгон 50 жаштардагы кишинин жана 40-45 жаштар чамасындагы аялдын өздүгү такталууда. Ар түрдүү жаракаттар менен 7, 17, 30, 31, 39 жана 46 жаштагы жүргүнчүлөр Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда бул факт боюнча Хонда Степвагон унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Экөө бир эле болгон болсунчу, кырсыктын саны көбөйбөй.
Админ, так жооп берип койгулачы, талаштырбай
Тилекке каршы, экөө эки башка кырсык.
Он рулдулар дайыма каршы тилкеге чыгат.
Он рульдагы авто унааларга алыс жолго жургунчулорду ташууга тыйюу салынды беле негизи? Жээ ал кучуно кире элекби?