super.kg logo

Лос-Анжелесте "Алтын глобус" сыйлыгынын 73-аземинде Леонардо Ди Каприо жараткан ролу үчүн сыйлыкка татыды

 
Леонардо Ди Каприо "Тирүү калган" тасмасында
Алехандро Гонсалес Иньярриту жана Леонардо Ди Каприо сыйлыктары менен
"Мыкты комедия актёру" - Мэтт Дэймон

"Жылдын мыкты драмалык тасмасы" деп "Алтын глобустун" калыстары Алехандро Гонсалес Иньярритунун "Тирүү калган" тасмасын аташты.

"Мыкты драма актрисасы" наамын "Бөлмө" тасмасына тартылган Бри Ларсон алды. "Мыкты драма актёру" категориясында жеңишке Леонардо Ди Каприо жетишти. Бул жеңиштен соң актёр "Оскар" сыйлыгына ээ болот деген пикирлер жаралды. Эскерте кетсек, Леонардо Ди Каприо аталган сыйлыкка 5 жолу талапкер болуп, бирок ага ээ болгон эмес.

Мыкты режиссёр болуп "Тирүү калган" тасмасы үчүн Алехандро Иньярриту табылды. Кошумчалай кетсек, режиссёр "Бёрдмен" тасмасы үчүн былтыр да бул сыйлыкка ээ болгон.

Ал эми атактуу италиялык композитор Эннио Морриконе Квентин Тарантинонун "Жийиркеничтүү сегиздик" аттуу тасмасына жараткан музыкасы үчүн байгелүү болду.

"Экинчи пландагы мыкты актриса" номинациясын британдык Кейт Уинслет "Стив-Жобс" тасмасындагы ролу үчүн алды. Бул наамды ал буга чейин 3 жолу жеңип алган.

"Экинчи пландагы мыкты актёр" наамын "Крид: Роккиден калган мурас" тасмасындагы ролу үчүн Сильвестер Сталлоне алды.

Мэтт Дэймон "Марсианин" тасмасына тартылып, "Мыкты комедия актёру" наамына ээ болду.

"Алтын глобус" - чет элдик маалымат кызматынын Голливуддук ассоциацисы тарабынан 1944-жылдан тарта берилип келген сыйлык.






Леонардо Ди Каприо "Алтын глобус" сыйлыгын алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.01.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ди каприого дан
тируу калган тасмасында ролун мыкты аткарган
11.01.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Леонардо Ди Каприо мыкты актёр.
11.01.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джек татыкту....
11.01.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leonardo de kaprio Go up
12.01.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш эч эле Оскар сыйлыгына жетбей койду..Негизи татыктуу болчу Оскар сыйлыгына да..)
Медиа-портал
12.01.2016. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syilygyn kut bolsun, Leo :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: