Лионель Месси карьерасында 5-ирет "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталып, "Алтын топ" сыйлыгына ээ болду (фоторепортаж)



















Бүгүн, 11-январда Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда бир катар наамдар боюнча дүйнөнүн мыктылары аныкталды.
Бул күнү эң беделдүү сыйлык катары "Алтын топ" сыйлыгы тапшырылды. Ага аргентиналык Лионель Месси ээ болду. Ал бул сыйлык үчүн жарышта Криштиану Роналду жана Неймарды артта калтырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Месси добуш берүүчүлөрдүн добушунун (улуттук курама командалардын машыктыруучулары жана капитандары) 41,33 пайызына ээ болгон. Криштиану Роналду добуштардын 27,76 пайызына ээ болсо, Неймар 7,86 пайыз добуш алган.
"Бала кезимде мындай ийгилик тууралуу керек болсо ойлонгон эмесмин. Жашоомду түркүн түскө боёгон футболго рахматымды айтам. Ортодо Криштиану сыйлыкты алып жатканын көрүүчүлөрдүн катарына отуруп көрүп, кайрадан бул сыйлыкка ээ болгонум үчүн чексиз кубанычтамын",- деди Месси сыйлыкты алып жатып.
Ура! Месси "Алтын топ" сыйлыгын алды

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.