Бразилиялык футболчу Лира "Кооз гол" сыйлыгы үчүн жарышта Лионель Мессини артта калтырды (видео)

Учурда Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат. Бул күнү бир катар наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.
Анда алгачкы сыйлык катары Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Эң кооз гол” сыйлыгынын ээси аныкталды. Мыкты голдорду тизмектөөдө 2014-жылдын 27-сентябрынан 2015-жылдын 23-сентябрына чейинки аралыкта киргизилген голдор каралган. Кыскартылган тизмеге Алессандро Флоренци ("Рома"), Уэнделла Лира ("Гоянезия") жана Лионель Мессинин ("Барселона") голдору кирген. Жыйынтыгында бул сыйлык Уэнделла Лирага тапшырылды.
"Пушкаш сыйлыгы-2015". ФИФАнын версиясы боюнча 2015-жылдагы мыкты 3 гол.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.