Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды
16-мартта президент Алмазбек Атамбаев Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти, Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда спорттун Олимпиада түрлөрүн жана олимпиадалык кыймылды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Шейх Ахмад Аль-Сабах Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясы Кыргызстан командасынын спортчуларына олимпиадалык стипендиялардын санын көбөйтүү маселесин карай тургандыгын маалымдады. Учурда 2 кыргызстандык спортчу олимпиадалык стипендия алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















