super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев кургак учук менен күрөшүүдө акча ыксыз жумшалып жатканын сындады

 

Кургак учуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү тартибин өкмөт аныктайт жана аталган багытта узак мөөнөттүү программаларды бекитип, аткарылышын көзөмөлдөө да өкмөттүн жоопкерчилигинде болот. Муну парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 11-январдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланып жатканда депутат Наталья Никитенко мыйзам долбоорунун 11-беренесинде жанындагыларга кургак учук жуктуруу коркунучун келтирген жарандардын кайсы жерлерде иштөөсүнө тыюу салынарын аныктаган жагдайлар жоюлуп жатканын белгилеп, “Кургак учуктун жугуштуу түрлөрү менен ооругандардын жатаканаларда жана коммуналдык батирлерде жашоосуна жол берилбейт” деп гана көрсөтүлүп калганына тынчсыздануусун билдирди.

Депутат Жанар Акаев кургак учук илдетине каршы күрөшүү максатында сырттан келип жаткан гранттык каражаттардын ыксыз сарпталып жатканын сындады.

Долбоор комитеттен биринчи окууда колдоо тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: