Бишкекте "балта менен коркутуп тоногон" деген шек менен 34 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 12-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 34 жаштагы жаран Мурас-Ордо конушунун жашоочусунун үйүнө кирип, аларды балта менен коркутуп тоноп кеткен. Кылмышка шектүү коркутуу жолу менен тартып алган зер буюмдар 36 миң сомго бааланды. Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө тобу кылмышка шектүү жаранды колго түшүрдү. Факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.