super.kg logo

Жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мобилдик турак үйлөр берилди

 

Кара-Суу районунда 2015-жылдын 17-ноябрында катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Кызыл-Суу айылдык аймагынын тургундарына араб демөөрчүлөрү тарабынан 7 даана 2 бөлмөлүү (40 тонналык) мобилдик турак үйлөр даярдалып берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борбору тарабынан Кызыл-Суу айылдык аймагынын Чайчи айылына 2016-жылдын 11-январында 4 даана 2 бөлмөлүү мобилдик турак үй жеткирилип, мурда бир мобилдик үйгө экиден үй-бүлө жайгашкан көп балалуу үй-бүлөлөргө орнотулуп берилди.

Алар төмөнкүлөр:

  1. 1 даана мобилдик үй Маканбай Сулаймановго берилди, үйү V даражада жабыркаган,үй-бүлөсүндө 5 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үй берилди. 2015-жылдын 30-ноябрында Примбай Сулайманов менен шерик болуп бир мобилдик үйгө жайгаштырылган.
  2. 1 даана мобилдик үй Жыргал Абдиевге берилди, үйү IV даражада жабыркаган, үй-бүлөсүндө 7 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үйгө жайгаштырылды. Мурда 2015-жылдын 1-декабрында Шермамат Абдиев менен шерик болуп бир мобилдик үйгө жайгаштырылган эле.
  3. 1 даана мобилдик үй Калыбай Мырзабаевге берилди, үйү IV даражада жабыркаган, үй-бүлөсүндө 7 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үйгө жайгаштырылды. 2015-жылдын 13-декабрь күнү Курдаш Ныязов менен шерик болуп бир мобилдик үйгө жайгаштырылган.
  4. 1 даана мобилдик үй Жалал Дардаковго берилди, үйү IV даражада жабыркаган, үй-бүлөсүндө 8 адам жашайт. 2 бөлмөлүү 40 тонналык мобилдик үйгө жайгаштырылды. Жалал Дардаков мурда 2015-жылдын 13-декабрь күнү 20 тонналык бир даана мобилдик турак үйгө жайгаштырылган, азыр ал 20 тонналык мобилдик турак үйгө Шарабидин Мамиев жайгаштырылды.

Дагы 3 даана мобилдик турак үй 2016-жылдын 12-январында жеткирилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үйлөрдүн сүрөтү бар бекен?
Кандай болду экен?
12.01.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кылышыптыр убактылуу кыштан чыкканга. Контейнер болсо да уйлору бар.
12.01.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык болуп жатат, мобилдик турак үйлөр кандай болду экен деп. Сүрөтү болсо жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: