super.kg logo

Биринчи Май акимиаты массалык медициналык кароо өткөрдү

 

Тургундардын саламаттыгын сактоону жакшыртуу үчүн Биринчи Май районунун турак жайларында профилактикалык медициналык кароолор өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 21 945 адам: 11 762 аял, 10 147 эркек кароодон өттү. Анын жыйынтыгында 1998 тургундан ар кандай оорулар табылып, мындан ары дарылануу үчүн диспансердик каттоого алынышты.

Ошондой эле 1 жаштан 7 жашка чейинки 5589 жаш баланын ден соолугу текшерилди. Алардын 2794ү эркек бала жана 2795и кыз. 1376 жаш баладан оорулар аныкталып, "Д" учётуна алынса, 840 баланын ден соолугу чыңдалды.

1734 мектеп окуучусу медициналык кароодон өтсө, алардын 836сы эркек бала жана 898и кыздар. 715 окуучунун ооруй турганы аныкталып, алардын 86сы "Д" учётко алынды, 81и дарыланды. Дагы 137 студент: 59 эркек бала, 78 кыз кароодон өттү. 54 студентте ар кандай оорулар табылган.

Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 2 жашка чейинки балдар шаардык сүт ашканасы тарабынан азыктар менен камсыздалышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылына бир жолу баардык эле
ишканадагылардын мед кароодон
отуп турганы оздоруно жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: