super.kg logo

Коррупция боюнча айыпталган Урмат Аманбаева ооруканада болгондугуна байланыштуу сот отуруму жылдырылды

 

Бүгүн, 12-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын соту өтмөк. Айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу сот отуруму 26-январга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.

"У.Аманбаевага экинчи ирет операция жасалган. Учурда ал ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Дарыгерлердин айтымына караганда, ал мурунку калыбына келүү үчүн 1 ай убакыт керектелет. Аталган себептерге байланыштуу У.Аманбаева бүгүн сотко келе алган жок. Судья жыйынды 26-январга жылдырууга мажбур болду", - дейт Ж.Бабаев.

Жактоочунун айтымында, айыпталуучу 26-январга чейин өзүн жакшы сезбесе, сот отуруму февраль айына жылдырылмакчы. Айта кетсек, бүгүн шаардык сотто Октябрь райондук сотунун чечими боюнча
У.Аманбаеванын апелляциясы каралмак.

Эске салсак, экс-депутат Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. 13-ноябрда Октябрь райондук соту Урмат Аманбаеваны 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган. Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептеп жана тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
12.01.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу жепжутаттар бир сонун привичкалары бар да устунон иш козголсо эле ооруп калышат же соттор оорутуп койтабы . тан каласын булардын кылыктарына
12.01.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келдибеков м.н Аманбаеванын соту кылым
Соту болдуго
12.01.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалган оорубай чын ооруп калсанар экен. карапайым элди ооруу соосуна карабай колу бутун буктоп алып барасынар.
Чондор соттолсо бир да соосу жок оорулуу болуп чыгышат. Жегенде да оорусанар экен. Кусаарда оорубай.
Чын бир иши козголгон чон соо эмес экен чекеден больницага жатып алышат уялбай
12.01.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы сот отурумдары тууралуу "Кылым карытаар соттук отурумдар" деген китеп да жазса болот. Бир нече том чыкса керек))))) Биринчи болум: Айыпталуучу кайсы бир дерин оорутарын билбей башы катты. Акыры ал операция болууну чечти... деп))))))))
12.01.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул биздин мамлекеттик кызматкерлердин соосу жокбу баары эле бир нерсе болсо ле оорулу олгону атат дешет ооруса олгону атса эмнеге ишге алышат
12.01.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Врачы менен кошо отурсун оруп жатса же болбосо палатада сот отурумун откоргуло, Убакытты создуруп ишти кыскартып коеун деп ойлошот баары эле
12.01.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элдин мулкун жеп жатканда оорубай.
Ат минердин ден-соолугу соонун ай.
Иш козголсо бир кылмышы билинип.
Дароо эле ооруп калат оо кудай.
12.01.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
6 Айдан бери айыкпаган кандай ооруу, ушундай сот отурумун жалган создуктурган врачтарга да кылмыш ишин козгош керек
12.01.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сырттан эле 7 жылга соттоп койгула,26 нан да соттотуруму мартка жылдырылат уй камагына чыгат анар болду кетип жок болот
12.01.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай буйруп ойлоп тапса адамзат.
Ар намысты текшеруучу аппарат.
Коюп салып эшигинин оозуна.
Ак уйду бир алмак элек тазалап.
12.01.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер баары оорулу ,столдорго жалан оорулулар отуруп алышкан
12.01.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аманбаева соту бутподу беле 9жылга кетти элего эмне болду кайра тактап койосунарбы.
13.01.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акчаларды синирип жатып, ушинтип сотто жооп берип калышынызды, аягында оорукчан болуп чыга келишинизди таптакыр ойлобосонуз керек эле ээ эжеке? Кыргызстанды жалан эле оорукчандар башкарып калган беле? Биз жумушка орношуп жатканда медиктердин кароосунан отуп, алардын берген корутундусун тапшырабыз го тиешелуу жерге. Булар оорукчан болсо, анда эмне башында аныкталган эмес ден-соолугунун абалы? Бул эжеге коз карандысыз экспертиза дайындоо керек да соттун чечими чыгышы керек да эртерээк. Болбосо
13.01.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убакыт откондон кылмыштын эскиргендиги боюнча моонотту эске алуу менен деле эптеп бир шылтоо таап, ишти бутуруп коюшат. Кудайдан коркпогон журогундо ыйманы жоктор десе...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: