super.kg logo

Өлкөдө сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы күч алууда

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинде түзүлгөн сасык тумоо оорусунун сезондук күч алышын көзөмөлдөөчү штаб азыркы абалды жөнгө салуу боюнча чараларды иштеп чыгууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларында ооругандардын саны эпидемиялык көрсөткүчкө жетпейт. Алдын алуу жана эпидемияга каршы чараларын күчөтүү максатында иш-чаралар өткөрүлүүдө.

"Республиканын бардык дарылоочу жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат, күнү-түнү иштөөчү кызматтар түзүлдү. Сасык тумоонун өзүнөн адам каза болушу мүмкүн эмес, анын айынан пайда болгон кошумча пневмония, плеврит сыяктуу оорулар гана өлүм алып келиши мүмкүн. Ошондуктан калктан өз алдынча дарыланбай, квалификациясы бар адистерге кайрылууну суранабыз",- дейт саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев.

Тургундарга кеңеш:

1. Эгер ооруп калсаңыз, үйдөн чыкпаңыз, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз, себеби инфекция тарап кетиши мүмкүн;

2. Ооруга чалдыкпоо үчүн сасык тумоо менен ооруган адамдардан алыс болуңуз;

3. Жөтөлсөңүз же чүчкүрсөңүз жүз аарчыны колдонуңуз;

4. Колуңузду самындап жууп, спирт кошулган каражат менен сүртүп туруңуз;

5. Мүмкүн болсо эл көп чогулган жерде көп убакыт өткөрбөңүз;

6. Бөлмөлөрдүн терезелерин ачып бөлмөнү желдетип туруңуз;

7. Туура тамактанып, активдүү болуңуз;

8. Эгер ооруп үйдө болсоңуз, ооруну жайылтпоо үчүн медициналык бет капты тагынып жүрүңүз;

9. Ооруп калган адамды өзүнчө бөлмөгө жаткырып, өзүнчө идиш, бет аарчы бериңиз;

10. Туура дарылоо үчүн ооруканага көрүнүңүз;

11. Өзүңүздү өзүңүз дарылабаңыз, туура эмес дарылануу сасык тумоонун өтүшүп кетишине алып барышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.01.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен эки жумадан бери жөтөлүп грипп болуп жатам
12.01.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын ала сасык тумоого
каршы вакцина болчу эле
го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: