super.kg logo

Жылнаама, 13-январь: Мындан 56 жыл мурун кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев туулган

 

* Мындан 56 жыл мурун, 1960-жылы кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган.
Андагы талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Чубак Сатаевдин “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.
Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумган. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен.

* Мындан 39 жыл мурун, 1977-жылы англиялык актёр Орландо Жонатан Бланчард Блум Англиянын Кэнтербери шаарында туулган. Ал 4 жашка чыкканда атасы каза болуп калып, эжеси Саманта менен Орландону тарбиялоо түй­шүгү жалгыз апасында калган. Апасы ага музыка, театр жөнүндө көп айтып бергендиктен, Орландо театр менен өтө эле эрте "ооруган". 16 жашка чыкканда өз шаарын таштап, актёрлук билим алуу үчүн Лондонго келген.
Орландо Блум тартылган тасмалар: "Шакектер шаасы", "Кариб деңизинин каракчылары", "Троя", "Элизабеттаун", "Шаарлар", "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!" жана башкалар.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы “Бурановолук чоң энелер” тобунун эң картаң солисти Елизавета Зарбатова 87 жаш курагында каза болгон “Евровидение-2012” музыкалык сынагына катышып, 2-орунду ээлеген топтун “Ар бир адамга майрам” (“Party for Everybody”) аттуу ырын дал ушул Елизавета Зарбатова жазган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Казакстан Республикасынын Мажилисинин (парламент) депутаты Дарига Назарбаева баңгизатты медициналык негизде колдонууну сунуштаган. Депутат Жамбыл облусунун Шуй өрөөнүнүн 140 миң гектар жеринде өскөн кара куурайды иштеп чыгаруу үчүн фармацевттик компанияларга берүүнү сунуштап, "ал жакта курулган заводдор дары-дармектерди чыгармак, жаңы жумуш орундар түзүлмөк жана бюджетке киреше түшмөк” деп түшүндүргөн.

13-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2016. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан 18 жыл мурун 1998-жылы 13-январда мен да торолгон элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: