Жайыл районунда бейбаштыкка шектелип 3 адам кармалды
Жайыл районунда бейбаштыкка шектелгендер кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 11-январда аймактык милицияга Жайыл районунда мушташуу болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери ал жерде мас абалдагы бир нече тургун бар экенин аныкташкан. Аймактык милицияга алып кетүү учурунда алар каршылык көрсөтүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында 3 жаран кармалып, милиция бөлүмүнө алынып келинген. Алар Кызыл-Дыйкан айылынын 28 жаштагы Д.Ж., С.М. жана 27 жаштагы
Д.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.