super.kg logo
  Саясат  

Канат Исаев: "Мандаттан ажыратылган депутаттардын маселесин сот чечет"

 

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы мандаттан ажыраткан депутаттардын маселесин кароо сунушталды. Мындай сунушту "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракцияларынын депутаттары колдошту.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев депутаттар Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечими мыйзам чегинде кабыл алынганын айтты. "Алар тиешелүү кол коюшкан. Колдор жасалма же жасалма эмес экенин экспертиза аныктайт. Ар бир мекеме өз ишин кылсын. Сот укуктук баа берет",- деди Исаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттардын мандаттан ажыратылышы парламентте чечилбегенин билдирди. "Бул маселени миң жолу талкууласак да, чечимди сот чыгарат. Биз чече албайбыз. Баары мыйзам чегинде болуш керек",- деди төрага.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январдагы жыйынында Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Аталган депутаттар БШКнын мындай чечимине макул эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: