Жаштар курамасы жолдоштук беттеште орусиялык "Сатурн" футболдук клубун 2:0 эсебинде утту





22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өлкөнүн жаштар курама командасы "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине Москвада даярдыкты улантууда. Команда кечээ, 12-январда орусиялык "Сатурн" футболдук клубу менен экинчи жолдоштук беттешин өткөрүп, 2:0 эсебинде утуп алды. Жеңиш алып келген голдорду Абай Боколеев жана Аскарбек Салиев киргизди.
Кошумчалай кетсек, бул эки команда 9-январда алгачкы жолдоштук беттешин өткөрүп, 4:2 эсебинде жеңишке жетишкен.
Мелдешке 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар катышат. Оюндар 16-24-январь аралыгында Санкт-Петербург шаарында өтөт. 8 команда катыша турган мелдеште кыргыз футболчулары "А" тайпасында Беларусь, Казакстан жана Молдова курамалары менен ойношот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Силерден только жениш кутобуз!