super.kg logo
  Саясат  

"Айыл өкмөт башчыларынын урушкан эрди-катындын арызын уккандан башка иши жок" дейт депутат Масалиев

 

"Азыркы учурда айыл өкмөт башчыларынын той-ашты башкаруудан башка иши жок. Эрди-катын урушса, алардын даттануусун угат, болду, башка укугу жок",- деп билдирди депутат Исхак Масалиев (сүрөттө) Жогорку Кеңештин 13-январдагы жыйынында. Депутат айыл өкмөт башчыларын шайлоо боюнча баяндама жасаган өкмөт өкүлүн "айылда авторитети жок талапкер" деген сөздү колдонбоого чакырды.

"Талапкерди авторитеттүү же авторитети жок деп ким аныктайт? Аким аныктайбы? Эч ким антип айта албайт, шайлоонун тартибине ылайык, көрсөтүлгөн талапкердин тагдырын жергиликтүү кеңештин депутаттары чечишет",- деди Масалиев.

Жыйында депутат Кожобек Рыспаев "айыл өкмөт башчылыгына талапкерлердин 3 жылдык тажрыйбасы болсо жетиштүү" деген норманы өзгөртүүнү сунуштады. "Үч жылдык тажрыйбасы бар, бирок бөлүм башчылыктан тартып жетекчилик кызматка чейин иштеген адам болушу керек дешибиз керек. Айыл өкмөттө кагаз ташып 3 жыл иштеген татыксыз бирөө талапкерлигин койсо болмок беле?"- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: