Муфтият ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын кийимин тигүү үчүн тендер жарыялайт
Быйылкы ажылык сапарга даярдык башталгандыктан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кыргызстандык зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча тендер жарыялайт. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, бардык мүмкүнчүлүгү бар ишкерлер иш-чарага катышуу шарттары менен таанышуу үчүн 20-мартка чейин кайрылса болот. Тендер 2013-жылдын 8-апрелинде саат 10:00дө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имаратында, тактап айтканда, Бишкектеги Гоголь көчөсү-57 дарегинде орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

