super.kg logo

№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин көрсөтмөсү: Айыпталуучулар абак кызматкерлерин кантип өлтүрүшкөнүн айтып беришти

 

12-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда №50-СИЗОдон кылмышкерлердин качуусу боюнча кылмыш ишин кароо башталды. Соттук отурум Бишкек шаардык сотунун имаратында өтүүдө. Айыпталуучулар: 1986-жылы туулган Эдил Абдрахманов, 1986-жылы туулган Музаффар Уринов, 1970-жылы туулган Болот Курбанахунов. Баары буга чейин соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылышкан.

Мындан сырткары айыпталуучулардын катарында кылмышкерлерге көмөктөшкөн деп 1984-жылы Каракол шаарында туулган Максатбек Абдрахманов жана 1981-жылы туулган Нурсият Рысбекова да бар. ИИМдин маалыматы боюнча, Н.Рысбекова кармоо операциясы учурунда жок кылынган Алтынбек Итибаевдин жарандык никедеги аялы болгон.

Бүгүн, 13-январда "К-ньюс" басылмасы айыпталуучулардын көрсөтмөсү камтылган кылмыш ишинин материалдарын жарыялады. Анда кылмышкерлер ЖАМКтын кызматкерлеринин өлүмүнө А.Итибаев менен Данияр Кадыралиевдин күнөөлүү экенин айткандары бар.

"А.Итибаев №50-СИЗОго отургузулган күндөн тартып абак, анда иштеген кызматкерлер, күн тартиби тууралуу маалыматтарды чогулта баштаган. Ал нөөмөттөгү кызматкерлердин арасында кылмышкерлер менен катышып жүргөндөр бар экенин байкап, тыюу салынган нерселерди ошолор аркылуу алдырса болот деген чечимге келген. Абактан качуу боюнча план түзүп жатканда Итибаев кызматкерлерге көп басым жасаган. Кызматкерлердин мүнөзүн анализдеп чыккан соң, кылмышкерлер менен мыйзамсыз байланышууга жакын деп Т.Садыбакасовго (ички кызматтын прапорщиги Туратбек Садыбакасов 1978-жылы Балыкчы шаарында туулган, жазаларды аткаруу органдарында 2007-жылдан бери иштеп келген) токтолгон",- деп айтылат кылмыш иши боюнча маалыматта.

Материалда белгиленгендей, Итибаев Садыбакасов менен жакшы мамиледе болгон. Кылмышкер "ыңгайы келгенде сүйлөшүп кызматкердин ишенимине киргенден кийин майда иштерин бүтүртүп келген". Абактын кызматкери "Итибаев менен достугу үчүн жооптуу болуп, мамилеси бекемделе баштаган".

"Садыбакасов режимди бузууга да барарын түшүнгөндө Итибаев аялы Л.Кудашова (Лариса Кудашова, "Жайшүл-Махдинин" мүчөсү, 2011-жылы өлтүрүлгөн Советбек Исламовдун мурунку жубайы) менен байланышып, Садыбакасов аркылуу акча берүүнү айткан. Кудашова жолугуу учурунда көзөмөлдөөчү аркылуу алгач 5 миң сом, андан кийин 100 доллар берген. А.Алышева Садыбакасовдун суранычы менен Итибаевге акчаны берип турган. Итибаев Садыбакасов аркылуу акчаны алып, ага кызматы үчүн төлөп, кайсы бир бөлүгүн өзүнө алып калган. Муну менен ал мыйзамсыз иштер үчүн төлөп берүүгө акчасы бар экендигин көрсөткөн",- деп материалдарда белгиленет.

"Андан соң Итибаев Садыбакасовдун жардамы менен өзүнүн тарапташтары Данияр Кадыралиев, Бакыт Кенжегулов (ал кармалгандан кийин абакта көз жумган), Эдил Абдрахманов менен короодо сейил учурунда жолугушуп, "Ислам мамлекетинин" аракеттери, абактан качуу планы жөнүндө сүйлөшүшкөн".

Айыпталуучулардын айтымында, Садыбакасов 12-октябрга караган түнү Итибаев, Кадыралиев, Уринов, Кенжегулов жана Азамат Мусуралиев (Сокулук районунда кармоо учурунда өлтүрүлгөн) отурган камералардын эшигин ачып берип, аларды абактын короосуна алып чыккан. Кылмышкерлер болсо анын колун байлап, андан кийин муунтуп салышкан.

Материалдарда Итибаев №50-СИЗОнун объекттеринин түзүмдөрү тууралуу маалыматты абактын башчысы И.Телтаевдин иш бөлмөсүнө сүйлөшүү үчүн киргенде алган. Эмне жөнүндө сөз болгону материалдарда так айтылган эмес.

Ички кызматтын майору Таалайбек Өмүрзаковдун машинасы боюнча маалыматты Итибаев абактын кызматкерлери менен сүйлөшүп жатканда билген. 9 кылмышкер абактан кызматкердин Тойота Эстима унаасы аркылуу качкан.

Айыпталуучулар тергөөдө билдиришкендей, алдын ала даярдалган бинттер менен Садыбакасовду байлап, абактын башка кызматкерлерин күтүп турушкан. Ошол күнү абакта нөөмөттө 4 кызматкер – Таалайбек Өмүрзаков, Фархат Орозбек уулу жана Тилек Абылгазиев болгон. Кесиптеши көп убакыт жок болгону үчүн издеп барган Т.Өзүрзаков менен Ф.Орозбек уулу кылмышкерлерге туш болушкан.

"Планы ишке ашканын сезген Итибаев мыкаачылык менен Өмүрзаковду колу менен муунтуп киргенде ал эс-учун жогото баштаган. Итибаев күрмөсүнүн чөнтөгүнөн спорттук сумканын жибин алып, аны менен муунткан", - деп айтылат кылмыш ишинин материалдарында.

Бул учурда Фархат Орозбек уулун шейшеп жана Азамат Мусуралиев менен Бакыт Кенжегуловдун шымындагы жип менен муунтушкан.

Кыймылсыз, бирок тирүү жаткан Садыбакасовду Кадыралиевдин сумкасынын жиби менен муунтушкан. Ал калган качкын кылмышкерлер Эдил Абдрахманов, Болот Курбанахунов, Таалайбек Жуманов жана Муратбек Жумалиевди камерадан чыгарганы айтылган.

Андан соң 9 кылмышкер жооптуу катары Тилек Абылгазиев турган абактын нөөмөт бөлүмүнө жөнөшкөн.

"Итибаевди Абылгазиевдин кыйноо процесси кызыктырган эмес. Аны курал катылган бөлмөнүн жайгашкан жери, ачкычтар сакталган жер кызыктырган. Абылгазиев өз өмүрү кооптуу болуп жатканы үчүн кылмышкерлер кызыкдар болгон маалыматты айтууга мажбур болгон. Бул учурда Кадыралиев менен Абдрахманов Абылгазиевди өлтүрүү үчүн буюмдарды издеп жатышкан. Абдрахманов оңдоо иштери үчүн колдонула турган балканы таап, абак кызматкерин чапканга аракет кылган. Бирок моралдык жактан алсыз болгондуктан, балка менен чаба алган эмес. Анын чечкинсиздигин көргөн Кадыралиев абак кызматкери Абылгазиевдин башына балка менен чапкан", - деп айтылат маалыматта.

Алган жаракатынан улам Тилек Абылгазиев ооруканада каза болгон. №50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча келерки соттук отурум 28-январда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
13.01.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul iwkeda milici9 kunoluu
13.01.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялар оздоруно оздору иш ашырыптыр да. Башка кылаарга иш жок болгонсуп
13.01.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кино тартса болчуудай...
13.01.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана сага жаңылык
13.01.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз кылган иш оз башына муш
13.01.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
2ай олгондорго куноону жаап ушуну ойлоп табышыптырда 28-январга чейин калган кылмышкерлерди суттон ак кылып эркиндике чыгарып жибербесе болду.Олгондун озунун шору демекчи бечара Телтаевди да жаман корсотуптур.Кайсы козу ачык Итибаевтин ички сырын билдикен тообо.Абдырахманов балка менен чаба албаган деп аны да бироого турто коюшуптур.Ислам мамлекетинин мучосу болгон сон балка менен чапмак тугул бут аймакты жардырууга да даяр болсо керек.Кантсе да калын элди жаш балача алдабай жазалоо керек.
13.01.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жомок го.
13.01.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Итибаев озунчо эле Майкл Скофилд го)калтырбай корсо керек да ошол сериалды
13.01.2016. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
20минутасы кино болуп кеттиго булардыкы сериал тартса болгудай
13.01.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сериал. калганын качан окуйбуз.
13.01.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун сериал экен 2 3 сериал болсо жакшы болмок
13.01.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кордолуп олгондорго куноо коймой моодага айланды десек да болот.Козу жок,эч ким эч нерсе билбейт дешет.Аллах Гана билуучу,коруучу.
14.01.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуган жокмун,баары жалган,баарв жомок!Бир Аллах билет ким куноолу экенин.Баары жооп берет кылган кылмышына.
14.01.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы сценарий тузушуптур кызыктуу жомок.50% да ишенбейм. Башынан эле ушуда ким олсо доонун баарын ошого оодарышат. Чындыкты бир кудай билет.
14.01.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алышевасы каяктан чыкты?
14.01.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер!!!!! Байкасанар бут каза болгондордун баары кунолуу болуп, тируу калгандар куноосу жок болуп чыга келип жатышпайбы. Эмнеге ошолордун баары олтурулду!!! ВОТ в чем вопрос. Озунчо эле турецкий фильм болуп кетти го. "Грязные деньги и любовь" деген турецкий сериалды корсонор точно ушул сыяктуу.
14.01.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун айтат го "Меньше знаеш крепче спиш" деп. Возможно и живым останешся дегендей.
14.01.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ишке жалан эле олуп калган кызматкерлердин гана тийешиси бар экендигинен да кумон жаралат.
29.01.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пай-пай-пай! Андерсен жолдо калат го жомок жазуу жагынан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: