Сейил бакта семичке чагып интернет айдыңында белгилүү болгон кызга 2 миң сом айып пул салынат




Сейил бакта семичке чагып интернетте белгилүү болгон кызга 2 миң сом айып пул салынат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, видеодо сейил бактын ичинде отуруп жерге семичке чагып, аны көчө тазалагычтар жыйнашы керектигин айтып, "алардын айлыгын государство төлөйт, ошол үчүн ал мамлекет" деген ойду карманган жаш кыз Административдик кодекске ылайык 2 миң сом айып пул төлөмөкчү.
"Учурда видеодогу кыздын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Ал табылары менен айып пул салынат", - деп кошумчалашты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан.
"Государство" төлөп берет. Кыздар, уят эле!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
кочодо семиче, сагыз чайнабаса кыздар