super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү саясий партиялардын салмагына нааразы

 

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз өлкөсүндөгү саясий партиялар аткарган ролу жагынан Конституцияда жазылган бийик даражага ылайыктуу эмес деген пикирде. Муну депутат 13-январда Улуу Британиянын көз карандысыз коомдук уюму - Демократия үчүн Вестминстер фондунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Партиялар идеология жана программа иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун ордуна айрым саясатчылардын жеке кызыкчылыктардын негизинде иштеп жатканын айтат депутат.

"Көптөгөн партиялар башынан бизнес-долбоор катары түзүлөт. Бул жаңы саясий системди дискредитациялайт, жагымсыз адаттарды калыптандырат. Кыргыз мамлекети саясий систем түзүүнүн баштапкы этабында. Форма сакталуу, тийиштүү мыйзамдар кабыл алынды, бирок мыйзамдар дайыма эле иштей бербейт. Фракция ичинде түрдүү жаңжалдар чыгат. Убакыт керек, жаңылуу, утулуулардан өтүп сапаттуу парламентти түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Көптөгөн фракциялардын тажрыйбасы жок, биздин милдет - алардын күчтүү жана реалдуу партия болушуна жардамдашуу",- дейт Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: